28.03.2019 14:35

2020-жыл кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы деп жарыяланат

2020-жыл кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы деп жарыяланат

2020-жыл кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы деп жарыяланат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин менен КР президенти Сооронбай Жээнбековдун кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү учурунда белгилүү болду. 

«Кыргызстан — биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз.  Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем», — деп баса белгиледи Владимир Путин.

Путин келе жаткан жылы кыргыз-орус кызматташтыгын жылы деп жарыяланышына макулдугун билдирди. «Кыргыз кесиптештери менен жолугуу үчүн Орусиянын 18 аймагынан чоң десант келди. Биз аскерий мекемелер боюнча тыгыз кызматташууну жөнгө сала алдык», — деп билдирди Путин.